Кыргызстандык жоокерлер Алжирде өтүп жаткан “Десанттык взвод” мелдешине катышууда

Кыргызстандык жоокерлер Алжирде өтүп жаткан “Десанттык взвод” мелдешине катышууда

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы Алжирде өтүп жаткан “Десанттык взвод” мелдешине катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, “АРМИ-2022” оюндарынын алкагында 14-26-августта Алжирде “Десанттык взвод” мелдеши өтүүдө.

Мелдеш төрт этаптан туруп, Кыргызстандын курама командасы 1-дивизиондо беттешет. Команданын курамында офицерлер, сержанттар жана Рязань гвардиялык аба-десанттык командалык окуу жайында окуган кыргыз курсанттары бар.

Мелдешке жалпысынан 18 республика катышып, Кыргызстандын курамасы төмөнкү мамлекеттер менен күч сынашат: Буркино-Фасо, Россия, Вьетнам, Индия, Конго, Мали, Никарагуа, Судан, Тажикстан жана Сирия.