Эгемендүүлүккө 31 жыл. Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагер футболчулары беттешет

Эгемендүүлүккө 31 жыл. Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагер футболчулары беттешет

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлеринин ортосунда жолдоштук беттеш өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Оюн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына арналып, 30-августта саат 19:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда башталат.

Футболдун түрдүү муундарынын кумирлери оюн талаасына чыгышат. КМШ ардагерлер командасынын курамында белгилүү Ринат Дасаев, Вагиз Хидиятуллин, Александр Азимов, Марат Кабаев, Хорен Оганесян, Сервер Жепаров, Евгений Альдонин, Григорий Твалтвадзе жана башкалар бар. Атактуу спортсмен Олег Романцев КМШ командасынын башкы машыктыруучусу болмокчу.

Кыргызстандын курамасында атамекендик футболдун көрүнүктүү Прядкин Кирил, Жалилов Закир, Тайчиев Комол, Сало Владимир, Закиров Нематжан, Кошалиев Меклис, Березовский Валерий, Касымов Марлен, Лисичкин Сергей, Пряничников Владислав бар. Ал эми Кыргызстандын командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов болмокчу.

Күйөрмандардын алдында легендалардын матчынын атайын чакырылган коногу “Город 312” тобу жана атамекендик эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн көрсөтөт.

Кирүү акысыз.