Коргоо министри Москвада эл аралык коопсуздук боюнча конференцияга катышууда

Коргоо министри Москвада эл аралык коопсуздук боюнча конференцияга катышууда

Бишкек, 16.08.22. /Кабар/. 15-16-августта КР коргоо министри Бактыбек Бекболотов Москва шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук боюнча X Москва конференциясына катышууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конференциянын жүрүшүндө министр Бекболотов Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Денис Мантуровдун жетекчилиги астында пленардык жыйынга, "Армия-2022" эл аралык аскердик-техникалык форумуна катышып, РФ коргоо министри Сергей Шойгу, ошондой эле РФ аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматынын өкүлдөрү менен жолугушат.

Маалымат үчүн:Эл аралык коопсуздук боюнча 10-Москва конференциясына дүйнөнүн 35 мамлекетинин коргоо ведомстволорунун жетекчилери катышат.

Конференциянын жүрүшүндө Азия-Тынч океан аймагында, Африка, Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасы өлкөлөрүндө жана Европа континентинде стратегиялык туруктуулук жана коопсуздук маселелери каралат.

Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясы 2012-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет жана эл аралык мамилелердин актуалдуу маселелерин, аларды чечүүдө дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринин аскер ведомстволоруна таандык маанилүү ролун талкуулоого багытталган.