Денис Петрашов Түркиядагы мелдеште коло байге алды

Денис Петрашов Түркиядагы мелдеште коло байге алды

Бишкек, 16.08.22. /Кабар/. Кыргызстандык сүзүүчү Денис Петрашов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында дагы бир коло байгенин ээси болду.

Ал 15-августта 200 метр аралыкка брасс ыкмасында сүзгөн. Буга чейин спортчу 50 метр аралыкка сүзүп, үчүнчү орунду камсыздаган.

Белгилей кетсек, бүгүн Петрашов 100 метр аралыкка да жарышка чыгат.