Ислам шериктештиги оюндарында алтын тагынган балбан кыздар Бишкекке келди

Ислам шериктештиги оюндарында алтын тагынган балбан кыздар Бишкекке келди

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропортунда Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүлөрүн (кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча) салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова менен бирге башкы машыктыруучу Нурбек Изабековду жеңиши менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилиги куттуктады.

Эске салсак, Ислам шериктештиги оюндары быйыл Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда.

Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерге катышат. Бүгүнкү күндө биздин курама команданын куржунунда 17 медаль бар – 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло.

Оюндар 18-августка чейин уланат.