Информатика боюнча Эл аралык олимпиадада кыргызстандык үч окуучу коло утту

Информатика боюнча Эл аралык олимпиадада кыргызстандык үч окуучу коло утту

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 7-15-август күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн информатика боюнча XXXIV Эл аралык олимпиадада (34th IOI 2022 Indonesia) Кыргызстандан үч мектеп окуучусу коло медалга ээ болуп, бирөө ардак грамота менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

International Olympiad in Informatics - бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн 4 мыкты мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн 349 окуучу катышты.

Улуттук олимпиаданын финалдык турунун жыйынтыгы менен 4 окуучу Кыргызстандын наамын коргоо үчүн Индонезияга барган.

Жыйынтыгында:

1. Айдар Мундузбаев, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов лицейинин 10-классынын окуучу - коло медаль;

2. Тенгиз Беккойонов, Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр лицейинин 10-классынын окуучу - коло медаль;

3. Данияр Бейшекеев, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин бүтүрүүчүсү - коло медаль;

4. Талант Дыйканбаев, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов лицейинин бүтүрүүчүсү – ардак грамота.

Команда жетекчиси Павел Панков. Команда жетекчисинин жардамчысы жана даярдаган мугалими Кылычбек Урайымов.