Ташиев жаза аткаруу тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Ташиев жаза аткаруу тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө тутумдун кызматкерлери кесиптик кыйынчылыктарга карабастан өздөрүнүн милдеттерин жогорку деңгээлде аткарып жатышканын белгиледи.

"Өлкөнүн жетекчилиги Кыргызстандын калкынын жашоосу үчүн жагумдуу шарттарды түзүүгө, улуттук коопсуздукту камсыздоого жана өлкөнүн тынчтыгын жана бүтүндүгүнө кошкон салымыңыздарды жогору баалайт. Өз кезегинде биз кызмат өтөөңүздөргө шарттарды түзүүгө жана материалдык жардам менен камсыздоого милдеттүбүз", - деди ал.

Ошондой эле Ташиев адамдардын өзгөчө контингенти менен иштөө эрдикти, чыдамкайлыкты, кесипкөйлүктү жана ак ниеттүүлүктү талап кыларын белгиледи.

"Эмгегиңиздер үчүн рахмат. Кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм", - деп кайрылды ал.

Жыйынтыгында УКМК башчысы министрлер кабинетинин атынан өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.