Кыргызстанда 7 айда өнөр жай продукцияларынын көлөмү 227 млрд сомду түздү

Кыргызстанда 7 айда өнөр жай продукцияларынын көлөмү 227 млрд сомду түздү

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-июль айларында өнөр жай продукцияларынын көлөмү 227 миллиарддан ашык сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык бул көрсөткүч өткөн жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 17,8 пайызга жогорулады, буга себеп негизги металлдар жана даяр металл буюмдарынын, унааларды жана жабдууларды кошпогондо (45,6 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (27,5 пайызга), мунай заттардын (14,6 пайызга), тамак-аш продуктулары (суусундуктар менен) жана тамеки заттарынын (12,9 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (8,1 пайызга) өсүшү таасирин тийгизди.

Курулуш, айыл чарба жана дүң жана чекене соода тармактарында оң тенденциялар байкалды, алардын көлөмү курулушта - 3,6 пайызга, айыл чарбасында - 8,4 пайызга, дүң жана чекене соодада – 7,0 пайызга жогорулады.