Түркиядагы элчи Өмүралиев Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып берди

Түркиядагы элчи Өмүралиев Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып берди

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып бергенин “Анадолу” агенттиги билдирди.

“Кыргызстан туристтик ресурстарга бай экени талашсыз. Өлкөбүздүн кол тийбеген жаратылышы, тоолуу аймактары, элдик оозеки чыгармачылыгы жана маданий мурастары туристтердин көңүлүн бурат. Кыргызстандын бай маданияты жана тарыхы өлкө боюнча саякаттоону унутулгус окуяга айлантат”, - деген элчи.

Кыргызстандын элчиси туристтер үчүн негизги талаптардын бири коопсуздук жана каттамдардын жыштыгы экенин белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда туруктуу түз аба каттамдары жолго салынган. Бишкек – Стамбул аба каттамы бир күндө 5 жолу, Бишкек – Анталья каттамы күнүнө 1 жолу каттайт. Ал эми Ош – Стамбул багыты боюнча каттам жумасына 3 ирет аткарылат”, - деди Өмүралиев.

Ошондой эле ал Кыргызстанда 60 күнгө чейинки мөөнөттө 40тан ашык өлкө, анын ичинде Түркия үчүн визасыз режим иштей турганын, каалоочулар www.evisa.e-gov.kg сайты аркылуу онлайн режиминде виза ала алышарын белгиледи.

Мындан тышкары, дипломаттын аргументтеринин арасында эки өлкөнүн маданияттарынын окшоштугу келтирилген. Ал Түркия менен Кыргызстандын элдеринин тарыхы, тили, маданияты жана диний ишеними бирдей экенин, бул түрк жарандары үчүн Кыргызстанда эс алууга ыңгайлуу шарттарды түзөрүн белгиледи. “Тилдерибиз окшош болгону үчүн Түркия жарандары жергиликтүүлөр менен эркин сүйлөшө алышат”, - деген элчи.