Бүгүн Кыргызстандын Венгриядагы маданият күндөрү башталат

Бүгүн Кыргызстандын Венгриядагы маданият күндөрү башталат

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. Бүгүн,10-августта Венгриянын Будапешт шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маданият күндөрү 5 күнгө созулуп, 15-августта жыйынтыкталат.

Маданият күндөрүнүн алкагында бир катар кызматташуу жаатындагы жолугушуулар, кыргыз маданиятынын көөнөрбөс байлыгы болгон көчмөн элдин жашоосун чагылдырган маданий программалардан турат.

Ошондой эле маданий күндөрдүн алкагында эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташуусун 30 жылдыгына арналган бир катар иш- чараларга катышуу жана венгер элинин маданияты менен жакындан таанышуу максатында тарыхый - маданий жайларга зыярат кылуу сындуу бир катар программалар камтылат.

Белгилей кетсек, кыргыз делегациясын КР маданият министри Азамат Жаманкулов баштап барат.