Кыргызстан менен Азербайжандын маданият жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Азербайжандын маданият жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. 3-августта Кыргызстандын элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын маданият министри Анар Каримов менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө маданият тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тактап айтканда, тараптар дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган бир катар иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле эки өлкөдө маданият күндөрүнүн уюштуруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле элчи Осмоналиев министрге Узеир Хажибейлинин «Аршын мал алан» («Кол буюмдарын сатуучу») опереттасынын коюлгандыгынын 35 жылдыгынын урматына Кыргыз опера жана балет театрында өткөрүү пландаштырылган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.