Таэквондо ITF боюнча Кыргызстандын курамасы Дүйнө биринчилигинде 6 медаль жеңди

Таэквондо ITF боюнча Кыргызстандын курамасы Дүйнө биринчилигинде 6 медаль жеңди

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Таэквондо ITF боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү дүйнө чемпионатынан 6 медаль менен кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдеш Нидерланддардын Амстердам шаарында 29-31-июль күндөрү болуп өттү.

Белгиленгендей, кыргыз спортчулары 2 алтын, 4 күмүш медалга татыды.

12-13 жаштагылар арасында, 45 кг салмак даражада Диана Ким жана 14-17 жаштар арасындагы 60 кг салмакта Искак Аскарбеков 1-орунду ээлешти.

Өспүрүмдөр арасында 50 кг салмак даражада Владимир Хегай күмүш медаль, ал эми чоңдор арасында Айканым Асаналиева (50 кг), Алтынай Рыскулова (55 кг) жана эркектер арасында Артем Прибытков (76 кг) күмүш медалдын ээлери болушту.