Кыргызстандык балбан Италияда өтүп жаткан мелдеште күмүш байгеге татыды

Кыргызстандык балбан Италияда өтүп жаткан мелдеште күмүш байгеге татыды

Бишкек, 01.08.22. /Кабар/. Кыргызстандык Билол Шарип уулу Италияда өтүп жаткан 17 жашка чейинкилер арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байгеге татыды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Шарип уулу мелдешке 60 кг салмак категориясында катышкан.

Белгилей кетсек, балбан 4 жолу катары менен жеңишке жетип, финалда Ирандык атаандашына 4:5 эсебинде жеңилип калган.