Садыр Жапаров: Менин принцибим – ар бир кыргызстандыктын жакшы жашоосун камсыз кылуу

Садыр Жапаров: Менин принцибим – ар бир кыргызстандыктын жакшы жашоосун камсыз кылуу

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган министрлер кабинетинин жыйынын өткөрүүдө.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Ушул залда отурган баарыбыз мамлекеттин өнүгүүсүнө, мамлекеттеги коопсуздукту камсыздоого, коомдогу өзгөрүүлөргө, элдин жашоосун жакшыртууга, эл аралык мамилелердин оң болушуна жооптуубуз.

Мамлекеттик кызыкчылык – баарынан бийик!

Аткарылып жаткан иштин – кагаз жүзүндөгү көрсөткүчтө гана «аткарылды» эмес, реалдуу натыйжага ээ болуусу өтө маанилүү.

Биз аткарып жаткан иштер Кыргызстандын ар бир жаранына оң таасирин тийгизиши керек.

Эл күткөн ишенимдүү жолду, бирдиктүү позицияны табууну көздөгөн, бири-бирибизге ишенген команда азыр элге кызмат кылып жатат деп мен терең ишенем.

Өткөн жылдын декабрь айында 2021-жылдагы иштерди элге расмий жарыялаганбыз.

Бүгүн андан берки 6 айдын жыйынтыгын чыгарабыз.

Иштин жыйынтыгын чыгарып, иреттеп туруу – бул дагы бир жолу белди бекем бууганга, арабызда жүргөн айрым жалкоо адамдардан арылууга негиз болуп саналат.

Мурдагыдай «эптеп убакытты өткөрүп жүрө берсек» деген кадрлар арабызда болбоого тийиш.

Азыр уктап жатчу учур эмес.

Мен ар дайым ачыкмын.

Кай жерге барбайын, элдин суроолорун укмайынча кетпеймин.

Бардык суроолорго түз эле, ачык жоопторду берип келемин.

Өткөндө Бакыт Эргешович, башкы прокурор Курманкул Токторалиевич, ички иштер министри Улан Омокановичтер аймактарды кыдырып келишти.

Бугун да кыдырып кетишти.

Мындан ары бул салт улантылат.

Бардык министрлер, Администрациядагы жетекчилер бүт региондорду кыдырып, элдин көйгөйлөрүн маал-маалы менен жеринен чечип турушат.

Ал эми айыл өкмөттөрү, акимдер, губернаторлор, бюджеттен айлык алган ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерди «бүгүн эмне иш кылгандыгы боюнча» жалпыга маалымдоо айдыңына чыгып, маалымат берип турууга милдеттендиремин. Ай сайын отчет берип туруңуздар. Облуста, өзүңүздөрдүн аймактарда жасалган иштер тууралуу элге жана массалык маалымат каражаттарына маалымат берип туруңуздар.

Урматтуу жетекчилер!

Өткөн жылы биз конституциялык өзгөрүүлөр менен бирге, бардык тармактардын өнүгүүсү боюнча атайын жарлыктарды, укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгып, кабыл алдык.

Мамлекеттик башкаруунун жаңы системасына өттүк.

Шайлоолорду өткөрдүк.

Баткен облусун калыбына келтирүүнү колго алдык.

Демек, саясий оюндардын баары бүттү деп эсептейм.

Эми мындан ары - саясий оюндардын эмес, экономика менен алектене турган жылдар !

Сөзүмдү алыстан баштайын.

Кыргызстан бүткүл дүйнө менен бир алкакта турабыз.

Дүйнө өнүгүүсүнө түздөн-түз байланышканбыз.

Дүйнөнү каптаган пандемиянын кесепети бизге да тийди, ар түрдүү санкциялардын кесепети да тийбей калган жери жок.

Жана башка көп нерсени айтсак болот. Биз да дүйнөлүк уюмдар менен тыгыз кызматташып келебиз.

Биринчиси – Дүйнөнү жакшыртууда, адамзаттын жашоо-турмушун оңдоодо Бириккен Улуттар Уюмунун 17 пункттан турган Туруктуу өнүгүү максаттарынын мааниси чоң, кулачы кенен.

Биз да ушул программага киргенбиз.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жазууда ушул максаттар толук эске алынган.

Бүгүн Кыргызстан БУУ тарабынан белгиленген Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын көрсөткүчтөрүн 50%га жеткирди.

Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү – мамлекеттик органдардын жана Министрлер Кабинетинин ишинин негизги көрсөткүчү болуп баратат.

Учурда Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын 232 глобалдык индикаторунун 140ы боюнча улуттук аналогдор иштелип чыккан.

Жашыл экономика, жашыл мурас, климатты жакшыртуу, мөңгүлөрдү сактоо демилгелерибиз Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын бир компоненти экендигин белгилеп кетким келет.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Экинчиси – Евразия экономикалык бирлиги.

Бул - биз байланышкан дүйнөдөгү орду бар дагы бир чоң уюм.

Бул уюмга мүчө болуп турушубуздун өзү биздин өлкөнүн дүйнөлүк экономика менен тыгыз байланышта экендигибизди дагы бир жолу тастыктайт.

Глобалдык өзгөрүүлөрдүн жана дүйнөлүк экономикалык борбордун чыгышка жылышынын шартында жаңы логистикалык коридорлорду өнүктүрүү жана толук кандуу транспорттук байланышты камсыз кылган транспорттук системаларды түзүү биринчи планкага чыгууда.

Кыргызстан азыр ыңгайлуу позицияда турабыз.

Темир жол транспорту, авиация инфраструктурасын түзүү иштери күчөтүлөт.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Дүйнөлүк экономикалык трансформация жана тышкы терс факторлордун таасири шарттарында биз өлкөнүн экономикалык жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди, күчтү, ресурстарды бириктирип, өнүгүүгө карай багыт алышыбыз керек.

Учурдан пайдаланып айткым келет, Акылбек Усенбекович башында турган Министрлер Кабинети жыл башынан бери экономикада чечкиндүү кадамдарга барып, туура нукта баратканын белгилейм.

Биринчи – өлкөнүн ички дүң продукциясындагы өсүштү айткым келет.

Экономикада ИДПнын өсүшү маанилүү көрсөткүч.

Дүйнө экономикасы ички дүң продукциянын көлөмүнүн өсүшү менен аныкталат.

ИДПнын көлөмүнүн көп болушу түздөн-түз экономиканын өсүшүн шарттайт.

Азыр мына 6 айдын жыйынтыгы менен жакшы көрсөткүчкө чыктык.

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала берген маалыматы боюнча, өлкөнүн ички дүң продукциясы 6,3 пайыз өсүштү түздү.

ИДПнын номиналдык көлөмү 6 айда 335 млрд сом болду, бул пандемияга чейинки 2019-жылга караганда 89,7 млрд сомго көп.

Дүйнөлүк пандемиянын, климаттык өзгөрүүнүн, Чыгыш Европадагы кырдаалдын кесепеттерине карабастан, биз ушундай жетишкендиктерге жетип жатабыз.

Муну баса белгилеп айтышыбыз керек.

Экинчиден, адам ресурсу – биздин башкы байлыгыбыз.

Менин принцибим – ар бир кыргызстандыктын кыргыз жеринде кор болбой, жакшы жашоосун камсыз кылуу.

Муну мен көп жолу айтып келем.

«Элдин курсагы ток болсун, кийими бүтүн, жашаган жери жайлуу, татынакай, таптаза болсо экен»,- деп биз ушундай мамлекеттик артыкчылыктарга басым жасап жатабыз.

Ал үчүн: айлыктарды, пенсия-жөлөкпулдарды көтөрүп жатабыз.

Аларга эле быйыл ондогон млрд кошумча каражаттарды таап,

жумшап жатабыз:

1-январдан социалдык жөлөкпулдарды көтөрдүк.

1-апрелден социалдык тармактын: билим берүү, медицина, маданият кызматкерлеринин айлыктарын көтөрдүк.

1-июндан тартып кайрадан социалдык жөлөкпулдарды көтөрдүк.

Эми 1-августтан тартып калган бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыктарын көтөрөбүз.

Бул үчүн 10 млрд сомго жакын каражат керектелет.

Былтыртан бери күч түзүмдөрүнүн айлыктарын көтөрдүк:

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Прокуратура, Чек ара жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтарынын,

Соттук-экспертиза ж.б. баарын көтөрүп, айлыктарын теңдедик.

Үйдө тынч болсо, туруктуу киреше болсо, элибиз келечекке үмүт артып жашаса дейбиз.

«Мамлекет баарына камкор» принцибинде баратканын белгилейм.

Адам башына эсептелген орточо киреше көбүрөөк болушу керек.

Улуттук статкомитеттин маалыматынын негизинде, жалпы республика боюнча 2021-жылы айына 6 647 сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 18,2% га өскөн.

Быйыл айлыктардын баары көтөрүлдү, мындан 2 эсеге жогору болот деп ойлойм.

Мунун баары элдин кирешесинин көбөйүп бараткандыгын тастыктайт.

Эгерде дүйнөдөгү абал курчубаганда, ушул кирешелерди жеп кетип жаткан инфляция да аз болмок, элдин көтөрүлгөн айлыктары үй-бүлө кирешесинде азыркыдан да жакшы сезилерлик болмок.

Кандай болсо да тапканыбыздын берекеси болсун.

Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 6 айдын жыйынтыгында 133 млрд 486 млн сом болду.

- Салыктык кирешелер – 104,5 млрд сомду түздү.

- Салыктык эмес кирешелер – 25,3 млрд сом;

- Трансферттер – 3,7 млрд сомду түздү.

Негизги киреше салыктык кирешелерди чогултуудан,

- Салык кызматы 72,8 млрд сомду,

- Бажы кызматы 31,7 млрд сом чогултту.

Салыштырып көрүңүздөр, пандемияга чейин 2019-жылы Салык кызматы 36,8 млрд сом, Бажы кызматы 18,4 млрд сом чогулткан.

Мындан биз бул тармактарда коррупцияны максималдуу кыскартып жаткандыгыбызды көрүүгө болот.

Бир жагынан киргизилген электрондук системалар жакшы жардам берип жатса, экинчи жагынан күч түзүмдөрү контрабанда, коррупция менен аёосуз күрөшүп жаткандыгын белгилейм.

«Крыша болуу» деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз!

Урматтуу министрлер, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери, аймак жетекчилери, сиздерге катуу эскертерим:

Кимде-ким туура эмес иштерге аралашып, бирөөлөргө «крыша» болуп, же мамлекетке каршы иштердин аркасында турчу болсоңуздар, эч кимиңерди ушул кезге чейинки кылган бардык сиңирген эмгегиңерге карабайбыз!

Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз.

Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап-жашыра албайсыңар.

Текшерүүчү органдардын оозун жапканыңар менен эл өзү ачыктап, туура-туура эместигин териштирип, алаканыбызга салып берет.

Ушул жерде отурган бардык жетекчилердин кулагына күмүш сырга: биз кабыл алынган чечимдердын бардыгы сиздердин колдон жалпыланып, анан кабыл алынат.

Алар элдин жакшы жашоосуна да, түйшүккө малынышына да түрткү болот.

Ошондуктан жакшылап терең ойлонулган чечимдердин болушу негизги шарт. Жети өлчөп, бир кесип анан кабыл алып туралы.

Жүзүбүз ар дайым жарык болсун десеңер эл үчүн, мамлекет үчүн ак дилиңерден таза иштешиңерди катуу талап кылам.

Биз бийликке эл үчүн иштейли деп келдик.

Бул максат ар бир министрлер кабинетинин мүчөсүнүн жүрөгүндө болушу керек. Ар бир мамлекеттик кызматкердин жүрөгүндө болушу керек.

Мен жана Министрлер Кабинети чыгарган чечимдер жалпы элибиздин жашоосунун сапатын жогорулатууга багытталышы керек.

Биздин бардык программаларыбыздын, стратегиялык документтерибиздин өзөгү – элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылуу.

Башка маселелерге убакытты да, ресурстарды да коротуп кереги жок”.