Түркиялык инвесторлор Кыргызстанда $25 млн долбоорду ишке ашырат

Түркиялык инвесторлор Кыргызстанда $25 млн долбоорду ишке ашырат

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Түркиялык инвесторлор Кыргызстанда 25 млн доллардык инвестициялык долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын айтымында, ал Өзбекстанга иш сапары менен барган учурда Zelal Tekstil фабрикасына барган.

“Ал фабриканы түрк инвесторлору ишке ашырган экен, анда миңден ашык жумушчу орун түзүлгөн. Биз ошол эле инвесторлорду Кыргызстанга чакырдык. Азыркы учурда алар Кара-Балта килем комбинатын сатып алышты жана бизде дагы ошондой эле долбоорду ишке ашырышмакчы. Учурда аталган түрк инвесторлору “Декна Бишкек текстилди” ачышты жана келечекте 25 млн доллардык долбоорду ишке ашырышмакчы. Анда миңден ашык жумушчу орун түзүлөт”, - деди ал.

Сабиров белгилегендей, учурда инвесторлор курулуш иштери менен алектенип жатат жана жакын арада коомчулук аталган фабриканын ачылышына күбө болушмакчы.