Бишкектик спортчулар Казакстанда өткөн веложарыштан байгелүү кайтты

Бишкектик спортчулар Казакстанда өткөн веложарыштан байгелүү кайтты

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Бишкектик спортчулар Казакстанда өткөн веложарыштан байгелүү кайтты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Казакстандын Тараз шаарында эркектер, аялдар, өспүрүмдөр арасында милициянын капитаны Газиз Байтасовдун жаркын элесине арналган тоо-велосипед боюнча республикалык ХСС (шорт-трек) веложарышы өттү.

Кыргызстандын атынан аталган мелдешке бильярд жана велоспорт боюнча адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 7 велоспортчусу катышты.

Жыйынтыгында Елизавета Шереметова 2-орун, Алимина Чалова 3-орунга ээ болушту.

Белгилей кетсек, иш-чара дене тарбия жана спорт менен машыгууну жайылтуу жана жалпы калк арасында велоспортту жайылтуу, велоспорт боюнча эң күчтүү ышкыбоз спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлдү.