Бишкек мэри Ханнс Зайдель фондунун өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады

Бишкек мэри Ханнс Зайдель фондунун өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Ханнс Зайдель фондунун Борбор Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майер жана КР президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ханнс Зайдель фондунун биргелешкен программаларынын бүтүрүүчүлөрү менен жолукту.

Жолугушууда Бишкек мэри Фондду 20 жылдык мааракеси менен куттуктап, муниципалдык жана мамлекеттик башкаруу органдарында жетекчилик кызматтарда ийгиликтүү иштеген компетенттүү кадрларды даярдоого Фонддун кошкон зор салымын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Меморандумдун алкагында алар жыл сайын кызматташуу программасын иштеп чыгып, макулдашат. Макулдашууга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга адистерди тартуу боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгып, семинар, тегерек стол, тренингдерди өткөрүүгө түздөн-түз көмөк көрсөтүшөт.

Мындан тышкары, КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы магистрдик программалар үчүн кандидаттарды тандоодо, Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Фонддун биргелешкен программаларынын магистранттары үчүн илимий практиканы уюштурууда жана өтүүдө колдоо көрсөтүлөт.