Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Кытайда “Дуань-у” майрамын белгилөөгө карата “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 3-июндан 6-июнга чейин жабык болот.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, чек ара кытай тараптын демилгеси менен жабылып, 6-июндан баштап ачылат.

Белгилей кетсек, кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер атайын алгоритмге ылайык иштейт. Анда Кытайдан Кыргызстанга бир гана жүктөрдүн өтүүсүнө уруксат берилет.