
Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Кодзиро Накай менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кодзиро Накай «Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу» программасынын алкагында башталгыч класстын окуучулары үчүн түрдүү пайдалуу тамактар даярдала башталгандыгын билдирди.
Тараптар мектеп жана мектепке чейинки тамактанууну уюштуруу боюнча иштерди талкуулашты:
Министр мектеп жана мектепке чейинки уюмдар ашканаларын жакшыртууга муктаж экендигин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында 2022-жылы төмөндөгүлөрдү ишке ашыруу пландалды:
Алмазбек Бейшеналиев көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүт артарын билдирди.