“Кумтөрдөн” кийинки дагы бир финансылык булагыбыз пайда болот - президент темир жолдун курулушу жөнүндө

“Кумтөрдөн” кийинки дагы бир финансылык булагыбыз пайда болот - президент темир жолдун курулушу жөнүндө

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушуна токтолду.

Мамлекет башчы 20 жылдан бери темир жолду куруу боюнча айтылып келе жаткандыгына токтолду.

“Бирок такыр эле башталбай келген. Кыргызда “Саптай албай ийнеден көрөт” деген жакшы сөз бар. Буга чейин эч ким Россия тарапка бул жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүндүрө алышкан эмес. Кечээ жакында ЖККУнун саммитине барганда Владимир Владимирович менен жарым саат ушул темада сүйлөштүм. Акырында ал киши бул темир жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүнүп, эч каршылыгыбыз жок, силерге керек болуп атса сала бергиле деген позициясын билдирди. Кудай буюрса, быйыл долбоору бүтсө эмдиги жылы баштайбыз”, - дейт ал.

Өлкө башчы долбоор үч тараптын катышуусу менен даярдалып жатканын маалымдады.

“Бул жол салынса, биз “туңгуюк” мамлекеттен чыгып, транзиттик мамлекетке айланабыз. Жумуш орундары болот. Экономикабыз дүркүрөп өсөт. Кечээ эле тышкы карыздарыбызды кантип жабабыз деп жаткан санаабыздан арыла турган “Кумтөрдөн” кийинки дагы бир финансылык булагыбыз пайда болот. Демек, эч кам санабагыла. Алдыга кетип бара жаткан жолубуз түз. Келечегибиз кең. Тынчтык болуп турса, баары жакшы болот”, - деп суроого жооп узаткан.