Кыргызстан Евразиянын «Бриллиант көпөлөк» киносыйлыгын Ысык-Көлдө өткөрүүгө даяр

Кыргызстан Евразиянын «Бриллиант көпөлөк» киносыйлыгын Ысык-Көлдө өткөрүүгө даяр

Бишкек /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык форумга катышуу үчүн Бишкекке келген орусиялык кинорежиссер Никита Михалков менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар ЕАЭБ алкагындагы маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулашты.

Никита Михалков ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасына Евразиянын «Бриллиант көпөлөк» киносыйлыгын уюштуруу идеясы тууралуу айтып берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул идеяны колдоого даярдыгын айтып, Кыргызстан келерки жылы киносыйлыктын ачылыш аземин Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.