Эмгек министри: Чет өлкөдө иштөө географиясы кеңейтилет

Эмгек министри: Чет өлкөдө иштөө географиясы кеңейтилет

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Чет өлкөдө иштөө географиясы кеңейтилет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктер менен жолугушуу учурунда билдирди.

"Рынокто жеке агенттиктердин иштөө динамикасы жыл сайын өсүүдө. Эгерде 2014-жылы ишке орноштуруу рыногунда болгону 11и иштеген болсо, бүгүнкү күндө өлкөдө 117 жеке агенттик иштейт, алар дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жарандарга ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүшөт. Бул сандар бүгүнкү күндө сиздин кызматтарыңызга талапкерлер тарабынан суроо-талап бар экендигин көрсөтүп турат. Мисалы, 2021-жылы Чаз аркылуу 3 254 адам жумушка орношкон, алардын ичинен аялдар 1215ти түзөт", - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө жеке агенттиктердин өкүлдөрү министрликке бул багыттын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин тааныштырышты.

Жеке агенттиктердин иши КР мыйзамдары менен жөнгө салынат жана чет өлкөгө иштөөгө кетүүнү каалаган жарандар үчүн кошумча жумуш орундарын түзүүгө багытталган, ошондой эле өлкөнүн бюджетине тиешелүү түшүүлөрдү камсыз кылат.