Бишкекте КР Куралдуу күчтөрүнүн 30 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү

Бишкекте КР Куралдуу күчтөрүнүн 30 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Кечээ, 26-майда КР КК Аскер институтунун базасында “Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбековдун даңктуу жолу» темасында илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чара КР Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулуп, ага коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Россиянын Кыргызстандагы Федералдык коопсуздук кызматынын оперативдик тобунун башчысы Валерий Петров, Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбековдун жакындары, чакырылган коноктор жана аскер институтунунун өздүк курамы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө К. Үсөнбековдун эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, анын басып өткөн жолу тууралуу фильм көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, Аскер институтунун курсанттарынын темага байланыштуу жазылган баяндамалары окулду.