Кыргызстан менен Казакстандын президенттери тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүүдө

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүүдө

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапары менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Мамлекет башчылардын жолугушуусу «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Өлкө лидерлери тар жана кеңири курамда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго коюунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары, эки тараптуу мүнөздөгү бир катар документтерге кол коюлат.

Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 26-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келди.