Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын6-июнунан тартып Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жүргүнчү ташыган темир жол каттамы жанданат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан маалымат кызматы билдирет.
Тактап айтканда, Бишкектен Россиянын төмөнкү үч шаарына темир жол каттамдары жүрө баштайт:
Белгиленгендей, Казакстан жана Россиянын чек арасынан өтүүдө COVID-19га каршы ПЧР тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүү талап кылынат жана анын мөөнөтү 72 сааттан ашпоого тийиш. Ошондой эле "COVID-19суз саякаттайм" мобилдик тиркемеси дагы колдонулат.
Эскерте кетсек, каттамдар коронавирус илдети тараган учурдан тартып жабылган болчу.