Кыргыз-кувейт насыялык жана инвестициялык кызматташтыгынын маселелери талкууланды

Кыргыз-кувейт насыялык жана инвестициялык кызматташтыгынын маселелери талкууланды

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун (КАЭӨФ) башкы директору Марван Абдалла Аль-Ганим менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-кувейт насыялык жана инвестициялык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи А.Карагулов Кыргызстандагы Кувейт фонду тарабынан каржыланган долбоорлорду ишке ашыруунун этаптары, негизги көйгөйлөрү жана Тышкы иштер министрлиги менен элчиликтин натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча аракеттери тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Кыргызстандын министрлер кабинетинин Араб координациялык тобунун (АКТ) өнүктүрүү фонддорунун катышуусу менен төртүнчү тегерек столду өткөрүү боюнча пландары, өнүктүрүү фонддорунун кароосуна сунуштала турган келечектүү долбоорлор жөнүндө талкууланды.

Кувейт фондунун башкы директору М.Аль-Ганим кыргыз тараптын насыялык кызматташтыкты жакшыртуу боюнча аракеттерин жана тараптардын көп жылдык өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгын чыгарууга мүмкүндүк берүүчү АКТнын мүчө-фонддору менен кийинки жолугушууну өткөрүү ниетин кубаттады.

Ошондой эле инфраструктураны жана өлкөнүн экономикасынын эң маанилүү тармактарын өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлорду карап чыгууга даярдыгын белгилеп, сүйлөшүү учурунда фонддун жетекчиси боордош Кыргызстанды мындан ары да колдоого багытталгандыгын ырастады.

Тараптар ошондой эле мындан аркы кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча пикир алмашты, Кыргызстандын тиешелүү ведомстволорунун КАЭӨФ менен өз ара эффективдүү иштеши жана каржыланган долбоорлор боюнча макулдашууларды өз убагында ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө макулдашты.