Алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстан командалык көрсөткүчтө биринчиде келе жатат

Алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстан командалык көрсөткүчтө биринчиде келе жатат

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы стадионунда алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 21-23-май аралыгында А.Сүйүнбаев атындагы стадионунда өтүп жаткан чемпионатка 14 өлкөдөн: Афганистан, Индия, Индонезия, Иран, Казакстан, Түштүк Корея, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Филиппин жана Япониядан жалпы 300 спортчу катышууда.

Кыргызстан эркектер арасында жалпы командалык көрсөткүчтө биринчи орунда келе жатат. Экинчи орунда Түркмөнстан, үчүнчү сапта Өзбекстандын курамасы турат. Ал эми кыз-келиндер арасында биринчи орунда Иран, экинчи Кыргызстан, үчүнчү Өзбекстандын командасы келе жатат.

Мелдештин биринчи күнүндө 12 салмакта алыш күрөштүн классикалык түрү боюнча кармашуулар өттү. Жеңүүчүлөр менен бул жактан таанышууга болот.