Жээнбек Кулубаев Ага Хан өнүктүрүү тармагынын дипломатиялык өкүлү менен жолугушту

Жээнбек Кулубаев Ага Хан өнүктүрүү тармагынын дипломатиялык өкүлү менен жолугушту

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ага Хан өнүктүрүү тармагынын дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар Кыргызстан менен Ага Хан өнүктүрүү уюмунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргызстандын тоолуу аймактарынын жашоочуларынын жашоосун жакшыртуу жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу маселелер каралды.

Тышкы иштер министри Кыргызстан климат жана экология маселелерине өзгөчө көңүл буруп, өлкө үчүн бул приоритеттүү милдеттерди чечүүдө эл аралык колдоого ишенерин белгиледи.

Ж.Кулубаев белгилегендей, Борбордук Азия университетинин ишмердүүлүгү жаштарыбыздын сапаттуу билим алуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Ж.Кулубаев Афганистандагы Улуу Памирдеги этникалык кыргыздарга көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, бул маселе боюнча кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ага Хан өнүктүрүү тармагынын дипломатиялык өкүлү Б.Фазал Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууну улантууга, ошондой эле КР тышкы иштер министри белгилеген маселелер боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.