Кыргызстан кайсы адистерге муктаж? Тизме

Кыргызстан кайсы адистерге муктаж? Тизме

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төөлөсбай Абылкасымов “Биринчи радионун” эфиринде бүгүнкү күндө Кыргызстан кайсы адистерге муктаж экендиги тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жыл сайын изилдөө жүргүзүп, анын алкагында эмгек рыногунда кадр тартыштыгы бар ишмердүүлүктүн багыттары аныкталат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан IT-адистерине, айыл чарба тармагындагы кызматкерлерге, курулуш тармагындагы кызматкерлерге, медицина кызматкерлерине, мугалимдерге муктаж.

«Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги жогоруда аталган чөйрөдөгү кызматкерлерге ыңгайлуу иштөө үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп жатканын белгилей кетүү керек», - деди ал.