Түркиянын Элазыг шаарына жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулат

Түркиянын Элазыг шаарына жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулат

Бишкек /Кабар/. Түркиянын Элазыг шаарына жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Элазыг шаарына болгон иш-сапарынын алкагында маалым болду.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, элчинин Элазыгга болгон сапарынын алкагында маданият жана адабият ишмерлеринин, журналисттердин, ошондой эле аталган шаарда жашаган КР жарандарынын катышуусунда Ч.Айтматовду эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Элазыг аймагынын маданият жана адабият өкүлдөрү тарабынан даярдалган кыргыз жазуучусунун 2007-жылы Элазыгда болгону жана Хазар поэзия фестивалына катышканы, анын урматына сейил бак ачылганы тууралуу документалдык тасма көрсөтүлдү. Иш-чаранын катышуучулары Ч. Айтматов менен болгон жолугушуу тууралуу жылуу эскерүүлөр менен бөлүшүп, аталган сапарды тарыхый деп белгилешти.

Жыйынтыгында тараптар жогоруда аталган сейил бакка биргелешип жазуучунун эстелигин орнотууну макулдашышты.

Ошондой эле элчи Өмүралиев КР жарандары менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланып, жарандардын суроолоруна жооп берди.