Билим берүү министри иш сапары менен АКШга барып келди

Билим берүү министри иш сапары менен АКШга барып келди

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев май айынын башында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун жана көз карандысыз эскперттердин делегациясын жетектеп Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясы АКШнын жогорку билим берүүгө инновацияларды киргизүү жана билим берүү стартаптарын ишке киргизүү тажрыйбасы менен таанышты.

Билим берүү тармагынын жетекчилери жана эксперттери стартап долбоорлорго жана Plug and Play Ventures, Стэнфорд университети, Чикаго университети, Сэмюэль Хьюстон университети сыяктуу мекемелерге, Остин коомдук колледжинин (Austin Community College) Accelerator жана Capital Factory бөлүмдөрүнө, DevXSchool жеке менчик мектебине, Чикагодогу Кыргыз коомдук борборуна, Кыргызстандын АКШдагы элчилигине барып, уюмдардын жетекчилери жана илимпоздор менен жолугушту.