Кыргызстандын Австриядагы элчиси Венадагы советтик жоокерлердин эстелигине гүл чамбар койду

Кыргызстандын Австриядагы элчиси Венадагы советтик жоокерлердин эстелигине гүл чамбар койду

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Вена шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 77 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев жана Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Вена шаарындагы Шварценбергплатц аянтында советтик жоокердин эстелигине жана Вена шаарындагы Борбордук көрүстөндө советтик жоокерлердин эстелигине гүл чамбарларды коюшту.

Салтанаттуу аземге КМШга мүчө бир катар мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери дагы катышты.

Маалымат үчүн: Австрияны фашизмден бошотууда курман болгон советтик жоокерлердин эстелиги Экинчи дүйнөлүк согушта Вена үчүн салгылашта курман болгон 17 миңден ашуун советтик жоокердин элесине арналып орнотулган. Советтик Армиянын Баатырларына эстелик катары белгилүү жана Шварценбергплатц аянтында жайгашкан.

Вена шаарынын Борбордук көрүстөнүндө белгилүү саясатчылардын, көрүнүктүү композиторлордун жана маданият ишмерлеринин сөөгү коюлган. Бул жерде 1945-жылы шаарды фашисттик Германиядан бошотууда курман болгон советтик жоокерлердин сөөгү көмүлгөн.

Австрияда Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына байланышкан 300дөн ашуун советтик аскерлердин көмүлгөн жерлери жана тарыхый жайлар бар. Австрия менен антигитлердик коалициянын өлкөлөрүнүн –союздаштардын (СССР, АКШ, Улуу Британия жана Франция) ортосундагы мамлекеттик келишимге ылайык Австрия фашисттик Германия менен согуштук абалда болгон мамлекеттердин жоокерлеринин мүрзөлөрүн жана эстеликтерин, согуш туткундарын өз аймагында урматтоого, сактоого жана колдоого милдеттенме алган.