КРнын Германиядагы элчилиги сержант Сарымсак Бакалеевдин атын түбөлүккө калтырууга көмөк көрсөттү

КРнын Германиядагы элчилиги сержант Сарымсак Бакалеевдин атын түбөлүккө калтырууга көмөк көрсөттү

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчилиги сержант Сарымсак Бакалеевдин атын түбөлүккө калтыруу максатында анын аты менен мемориалдык тактанын жасалышына көмөк көрсөттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сержант Сарымсак Бакалеев 1910-жылы туулган жана 1941-жылы Фрунзе шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып, 134-аткычтар дивизиясынын курамында Германияга чейин жеткен.

Сержант СарымсакБакалеев 1945-жылдын 20-апрелинде Берлинге багытталган жолдогу Зеелов аттуу бийиктиктерин багынтуу боюнча кандуу салгылашууда каза болгон. Ал 134-аткычтар дивизиясынын 738-аткычтар полкунун аткычтар бөлүмүнүн командири болгон. Азыркы Бранденбург федералдык жериндеги Альт-Малиш аттуу жергесинде советтер солдаттарынын мүрзөсүндө коюлган.

Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн сержант Сарымсак Бакалеев каза болгондон кийин “Ата Мекендик согуштун II даражадагы” ордени менен сыйланган.

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги, Россиянын Германиядагы элчилиги Бранденбург Федералдык жеринин Ички иштер министрлиги менен бирге сержант Сарымсак Бакалеевдин атын түбөлүккө калтыруу максатында анын аты менен мемориалдык тактанын жасалышына көмөк көрсөттү.

Сарымсак Бакалеевдин 1941-жылы туулган жалгыз кызы Токтобүбү Эгембердиева уулдары менен Германияга келип, атасынын жаркын элесин көрүстөнүнө барып эскеришти.