Кыргызстандык спортчулар сурдлимпиадалык жайкы оюндарына катышуу үчүн Бразилияга сапар алды

Кыргызстандык спортчулар сурдлимпиадалык жайкы оюндарына катышуу үчүн Бразилияга сапар алды

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар сурдлимпиадалык жайкы оюндарына катышуу үчүн Бразилияга сапар алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 1-15-май күндөрү Бразилиянын Кашиас-ду-Сул шаарында өтүүчү ХХIV сурдлимпиадалык жайкы оюндарына жөнөп жаткан кыргызстандык спортчулар менен Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев жолукту.

Ал кыргызстандын атынан барып жаткан спортчуларга ийгилик каалап, Кыргызстандын туусун тапшырды.

Эскерте кетсек, ХХIV сурдлимпиадалык жайкы оюндарына кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 14 спортчу күч сынашмакчы. Ал эми жалпы 20 адам барат:

(Грек-рим ) Смадияр Жумакадыров, Дилмухамед Бибельдиев, Фархад Ушуров – башкы машыктыруучу, Акопян Арам – ага машыктыруучу;

(Эркин күрөш) Алмаз Исаков, Миляс Марков;

(Дзюдо) Ильгиз Каналбек уулу, Байсалбек Орозали уулу, Хажимукан Мидин уулу, Бектурсун Шабдыбеков, Айтурган Данияорва, Сергей Кладнов;

(Таэквандо ВТ) Азамат Мавлонов, Атай Азиз уулу, Гүлжан Жаналиева, Дмитрий Понамеров – башкы машыктыруучу;

(Жеңил атлетика) Арген Эркин уулу, Намуратова – башкы машыктыруучу;

Бактыгүл Алышова – дарыгер.