Кыргызстанда салттуу музыка жумалыгы аяктады — сүрөт

Кыргызстанда салттуу музыка жумалыгы аяктады — сүрөт

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Кечээ, 25-апрелде Кыргызстанда салттуу музыка жумалыгы аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ Кыргыз улуттук филармонияда салттуу музыка искусствосун алып жүрүүчү ишмерлердин гала-концерти өттү.

Иш-чара мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун, Түрксой эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раевдин катышуусунда өттү.

Кыргызстанда аталган майрам быйыл 18-жолу белгиленип, ага Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Россиянын Алтай жана Тыва республикаларынын өкүлдөрү катышты.

Жумалык маданий жана илимий бөлүктөрдөн туруп, аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду менен биргеликте уюштурду.

Мындан сырткары, “Түрксой “ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев куттуктоо сөз сүйлөп, аталган иш-чараны түрк тилдүү мамлекеттердин маданий иш-чараларынын катарына кошо турганын белгилеп, 2023-жылы Азербайжандын Шуша шаарында “Салттуу музыка күнү” белгилене турганын жарыялады.

Ошондой эле Раев салттуу музыка өнөрүн алып жүргөн белдүү өнөр ээлерин “Түрксой” эл аралык уюмунун атайын сыйлыктары менен сыйлады.