Сеулда Бишкек – Инчхон – Бишкек түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Сеулда Бишкек – Инчхон – Бишкек түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 21-апрелинде Кыргызстандындагы элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореянын T’Way авиакомпаниясынын президенти Ёнг Хонг Гён башында турган делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жолугушууда тараптар Бишкек-Инчхон-Бишкек түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Кыргызстандын элчиси Түштүк Кореянын авиакомпаниясына пандемия учурунда эки өлкөнүн жарандарын ташууга жана гуманитардык жардамды жеткирүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Эки өлкөнүн жарандары түз аба каттамдарын ачууга кызыкдар экенине жана бул маселе бардык деңгээлде көтөрүлүп жаткандыгына белгиледи.

Өз кезегинде авиакомпаниянын президенти Ёнг Хонг Гён компания 2020-жылдын февраль айында Инчхон-Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамдарды ишке ашырууга уруксат алганын, бирок пандемиядан улам көптөгөн өлкөлөрдүн чек аралары жабылганына байланыштуу, анын ичинде Кыргызстандын пландуу каттамдары кийинкиге жылдырылганын билдирди. Учурда 29 учактын ичинен 7 гана учак ар кайсы багытта учарын билдирди.

Ошондой эле 2022-жылдын сентябрь айында алыскы учуу үчүн жаңы учактарды алуу пландалууда, алар авиациялык коопсуздук боюнча текшерүүдөн өтүшү керек жана Президенттин пикиринде 2023-жылы Кыргызстанга үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу пландалууда.

T’Way президенти авиакомпания туруктуу каттамдарга чейин чартердик каттамдарды уюштурууга кызыкдар жана кийинки чартердик рейс 2022-жылдын 28-апрелине пландаштырылганын билдирди.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда түз авиакаттамдардын ачылышы эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын кеңейишине түрткү болорун белгилешти.