Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Азия чемпионатынан кайтып келишти

Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Азия чемпионатынан кайтып келишти

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-апрелде, “Манас” эл аралык аэропортунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданы тосуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызын Дене тарбия жана спорт Департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов, КРнын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Дамирбек Асылбек уулу, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты.

Эскерте кетсек, 19-24-апрель күндөрү Азия чемпонаты Монголиянын Улан-Батор шаарында өттү. Анда Айпери Медет кызы алтын медаль, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова күмүш байгенин ээси болушту.

Спортчулар улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.