КРнын Екатеринбургдагы башкы консулу Юридикалык клиникалардын эл аралык форумуна катышты

КРнын Екатеринбургдагы башкы консулу Юридикалык клиникалардын эл аралык форумуна катышты

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 21-апрелиндеКыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов В.Ф.Яковлев атындагы Урал мамлекеттик юридикалык университетинде өткөн Юридикалык клиникалардын эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Форумга Урал мамлекеттик юридикалык университетинин ректору В.А.Бублик, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбургдагы өкүлү А.В.Харлов, Борбордук Азия мамлекеттеринин Екатеринбургдагы башкы консулдары катышып, ал эми чет мамлекеттердин бир катар ЖОЖдордун жетекчилери видеоконференцбайланыш форматында кошулду.

Форумдун алкагында жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүн эл аралык тармактык университеттик программасы болуп саналган Universal Students Legal Assistance (USLA) долбоорун түзүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору Чаткалбай Райымбаев катышып, Келишимге кол койду.

Башкы консул Р.Бийбосунов Форумдун катышуучуларын жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эл аралык тармактык университет программасынын ишке кириши жана Келишимге кол коюлушу менен куттуктады. USLA долбоорунун ийгиликтүү ишке ашуусу юридикалык жардам көрсөтүүчүлөр үчүн да, ал жардамды алгандар үчүн да маанилүү болот деген ишенимин билдирди. Себеби, бул Макулдашууда көрсөтүлгөн жардамды жөнөкөй жарандар, студенттер жана социалдык жактан аярлуу катмардын өкүлдөрү алышат.

Ошондой эле Р.Бийбосунов Урал мамлекеттик юридикалык университетинин ректору А.Бублик менен болгон талкуунун жыйынтыгы менен Свердлов облусунда жүргөн Кыргызстандын жарандары университеттин юридикалык клиникасынан укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги боюнча оң жооп алды. Жакынкы арада башкы консулдук менен университеттин юридикалык клиникасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдери иштелип чыгат.