Австриядагы элчи Макеев Венадагы советтик жоокердин эстелигине гүлчамбар койду

Австриядагы элчи Макеев Венадагы советтик жоокердин эстелигине гүлчамбар койду

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 13-апрелинде Австриянын борбор шаарын Советтик Армия бошоткондугунун 77 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев жана Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Вена шаарындагы Шварценберг аянтында советтик жоокердин эстелигине гүл чамбарларды коюшту.

Салтанаттуу аземге КМШга мүчө бир катар мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери да катышты.

Украинанын Венадагы элчилигинин жана туруктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери таңкы саат 08.00дө өзүнчө гүлчамбар коюшту.

Маалымат үчүн: Венага чабуул 1945-жылы Советтик армиянын чабуул операциясынын бир бөлүгү болуп, 1945-жылдын 5-апрелинен 13-апрелине чейин созулган.

Австрияны фашизмден бошотууда курман болгон советтик жоокерлердин эстелиги Экинчи дүйнөлүк согушта Вена үчүн салгылашта курман болгон 17 миңден ашуун советтик жоокердин элесине арналып жасалган. Советтик Армиянын Баатырларына эстелик катары белгилүү жана Шварценбергплац аянтында жайгашкан. Ал 1945-жылы 19-августта ачылган.