“Реал” клубу “Челсини” жеңип, Чемпиондор лигасынын жарым финалына өттү

“Реал” клубу “Челсини” жеңип, Чемпиондор лигасынын жарым финалына өттү

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалында испаниялык “Реал” менен англиялык “Челси” командалары оюн өткөрдү.

Эскерте кетсек, эки команданын алгачкы беттешинде испаниялык клуб “Челсини” 3:1 эсебинде уткан. Ал эми жооптук беттеште 3:2 эсебинде англиялык клуб утуп кетти. Бирок жалпы эсеп 5:4 болуп, “Реал” жарым финалга көтөрүлдү.

Ошондой эле “Вильярреал” командасы “Баварияны” 2:1 эсебинде артта калтырып, Чемпиондор лигасынын жарым финалына өттү.

Чемпиондор лигасынын чейрек финалында “Атлетико” менен “Манчестер Сити” жана “Ливерпуль” менен “Бенфика” командалары 14-апрелде оюнга чыгат.