Азия кубогуна тандоо. Кыргызстан Мальдив аралдарынын командасын 7:1 эсебинде утту

Азия кубогуна тандоо. Кыргызстан Мальдив аралдарынын командасын 7:1 эсебинде утту

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. 2022-жылы өтө турган футзал боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын курамасы Мальдив аралдарынын командасына каршы беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Кыргызстандык футзалчылар Мальдив аралдарынын курамасын 7:1 эсебинде утуп алган.

Буга чейин Түркмөнстан Кыргызстанды 3:1 эсебинде артта калтырды.

Эскерте кетсек, Бишкекте 1-15-апрель күндөрү Азия кубогунун Бириктирилген борбордук жана Түштүк зонадагы тандап алуу оюндары өтүүдө. Жалпы 8 өлкө катышууда:⠀

А тайпасына: Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Мальдив аралдары.
B тайпасына: Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан, Непал жайгашты.

2022-жылдын 22-сентябрынан 20-октябрына чейин Кувейтте өтө турчу Азия кубогунун финалдык этабына тайпанын сап башын жана экинчи орундарын ээлеген командалар жолдомо алат. Жалпысынан турнирге континенттин 16 командасы катышат.