КР делегациясы Сенегалда өткөн Дүйнөлүк суу форумуна катышты

КР делегациясы Сенегалда өткөн Дүйнөлүк суу форумуна катышты

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн турган делегация 2022-жылдын 21-27-мартында Сенегалдын Дакар шаарында өткөн тогузунчу "Дакар 2022" - Дүйнөлүк суу форуму катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Суу коопсуздугу тынчтык жана өнүгүү үчүн” деген темага арналган форумдун максаты, өзгөчө суу өтө маанилүү мамлекеттерде туруктуу өнүгүүгө жетишүүнүн зарыл шарты болгон глобалдык суу күн тартибин тездетүү жана натыйжалуу ишке ашыруу болгон.

Форум Африка үчүн да, бүткүл дүйнө үчүн да актуалдуу болгон төрт артыкчылыкка багытталган: “Суу коопсуздугу жана санитария”, “Айылды өнүктүрүү үчүн суу”, “Кооперация” жана “Инструменттер” (анын ичинде каржылоонун орчундуу маселелери, лидерлик, билимди башкаруу жана инновация).

Форумдун алкагында алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн 3 миңден ашык адам 90 расмий сессияга катышып, анда айтылган төрт милдет, ар кандай деңгээлдеги сегменттер (министрлер сегменти, парламенттик сегмент, шаарлардын сегменти жана жергиликтүү бийлик органдары), ошондой эле бассейндик уюмдардын сегменти), мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен 26 жогорку деңгээлдеги сессиялар, Форумдун темасы боюнча 52 атайын сессиялар жана ар кандай кошумча иш-чаралар өттү.

"Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы" атайын сессиясында кыргыз тараптын атынан КР Тышкы иштер министрлигинин жетинчи саясий департаментинин директорунун орун басары А.Наматбаев сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүнүн жүрүшүндө климаттын өзгөрүшүнүн Кыргыз Республикасына тийгизген терс таасирин белгилеп, мөңгүлөрдүн эрүүсүнүн натыйжасында суу ресурстарынын азайышы, мезгилдүү жаан-чачындардын азайышы жана башка факторлорго өзгөчө көңүл бурду.

Ал суу ресурстарын жана алардын энергетикалык потенциалын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, өлкөдө суу-энергетикалык ресурстарга суроо-талаптын көбөйүшү менен Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү жолунда приоритеттүү милдеттердин бири экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, суу-энергетикалык кызматташтык механизмин өркүндөтүүнүне зарылдыгы, Борбор Азия суу жана энергиянын тең салмактуу алмашуусун камсыздай турганы белгиленди.

Форумдун жыйынтыгында инновациялык каржылоо механизмдерин жана жеке секторду суу менен камсыздоо жана канализация тармагына инвестициялоону илгерилетүүгө чакырган Дакар декларациясы кабыл алынды.

Маалымат үчүн: Бүткүл дүйнөлүк суу форуму глобалдык суу көйгөйлөрү боюнча узак мөөнөттүү чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга арналган эң ири иш-чара болуп саналат. Форум 1997-жылдан бери үч жылда бир өткөрүлүп келет. Аны суу адистеринин, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын демилгеси менен 1996-жылы түзүлгөн эл аралык орган - Бүткүл дүйнөлүк суу кеңеши уюштурууда.

Бүткүл дүйнөлүк суу форуму биринчи жолу Сахарадан түштүк Африкада Дакарда өтүп жатат. Ал эл аралык коомчулуктун көңүлүн Батыш Африка аймагына мүнөздүү проблемаларга бурат.