Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү талкууланды

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү талкууланды

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркияга барган иш сапарынын алкагында Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Эрсой менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар КР президенти Садыр Жапаровдун Түркияга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Маданият тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну талкуулашты.

Жолугушууда маданият тармагы мамлекеттер аралык кызматташууда негизги орунду ээлей тургандыгы жана өз ара кызматташтыкты бекемдөөдө эки өлкөнүн ортосундагы көпүрө маданият менен гана өнүгө тургандыгын белгилешип, кызматташууну бекемдөөгө макулдашты.

Мындан улам, Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү, Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу, Кыргызстанда жана Түркияда өтүүчү эл аралык маданий иш-чараларга көркөм чыгармачылык топтордун катышуусуна көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоодо, Кыргызстандын маданият күндөрүн Түркияда өткөрүү аркылуу боордош түрк эли кыргыз элинин кайталангыс маданияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк ала тургандыгын Азамат Жаманкулов баса белгиледи.

Ошондой эле министр Жаманкулов Мехмет Эрсойду түрк дүйнөсүнүн мурастарын жана туристтик потенциалы менен таанышып кетүү үчүн Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу учурда келип кетүүгө чакырды.