2022-жылы 1 миң кыргызстандык Улуу Британияга жумушка орношо алат

2022-жылы 1 миң кыргызстандык Улуу Британияга жумушка орношо алат

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. 2022-жылы Кыргызстандын жарандарынын Улуу Британия өлкөсүндө айыл чарба багытындагы жумуштарга иштөөсү үчүн 1 миң квота бөлүндү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, 16-мартта Улуу Британиядагы AgriHR компаниясы менен келишим түзүлдү.

“Келишимге ылайык, жарандар алты айга чейин айыл чарба жумуштарына орношконго мүмкүнчүлүк алды. Бул Улуу Британиянын мамлекеттик программасы болуп эсептелинет. Ал 2019-2024-жылдарга чейин иштейт. Биз менен болгон келишим дагы 2024-жылга чейин созулат”, - дейт ал.

Акматбеков учурда 1 миң квота бөлүнгөнүн айтып, Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борбору тандоо процессине эч кандай тиешеси жоктугун белгилейт.

AgriHR компаниясынын Кыргызстандагы филиалынын директору Айгүл Эшенкулова Улуу Британиянын айыл чарба тармагындагы жумушуна жумушчуларды тартуу боюнча мамлекеттик программасы 1948-жылдан бери иштеп келе жатканын маалымдады.

“Программа ар бир беш жылда жаңыланып, шарттары дагы өзгөрүп турат. Акыркы өзгөрүү 2019-жылы болуп, Кыргыстандын жарандары бул программага катышуу укугуна ээ болду”, - дейт ал.

Эшенкулова билдиргендей, программа мамлекеттик болгондуктан компания кызмат акы албайт. Жарандар бир гана визага, учак билетине жана ал өлкөдө иштеп айлык алганга чейинки чыгымын өзү жабат.

Белгилей кетсек, Айыл чарба иштерине ишке орноштуруу эрежелери жөнүндө толук маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун сайтынан migrant.kg жана “AgriHR” компаниясынын сайтынан алууга болот.