Navruz Cup 2022: Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан менен Тажикстан оюн өткөрөт

Navruz Cup 2022: Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан менен Тажикстан оюн өткөрөт

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-мартта Navruz Cup 2022 эл аралык мелдешинин алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Тажикстандын командасы менен оюн өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталат. Эки команда тең Navruz Cup 2022 мелдешинин үчүнчү оруну үчүн таймашат.

Турнир 25-29-март күндөрү Наманган шаарында өтүп, ага Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан жана Уганданын командалары катышууда.

Кыргызстандын курама командасы мелдештин жарым финалында Өзбекстандын оюнчулары менен беттешип, 3:1 эсебинде утулуп калган. Ал эми Уганда Тажикстанды 5:4 эсебинде уткан.

Белгилей кетсек, мелдештин жобосуна ылайык, командалар плей-офф баскычында кез келип, жарым финалдык беттештер ойнолот. Жеңген командалар финалда, жеңилгендер үчүнчү орун үчүн беттеште кез келишет.