КРда эл аралык стандарттардын негизинде калкты социалдык коргоонун жаңы концепциясы иштелип чыгат

КРда эл аралык стандарттардын негизинде калкты социалдык коргоонун жаңы концепциясы иштелип чыгат

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда эл аралык стандарттардын негизинде калкты социалдык коргоонун жаңы концепциясы иштелип чыгат. тБул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин ЮНИСЕФтин КРдагы өкүлү Кристин Жолм, БУУ ДАПтын КРдагы өлкөлүк директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Рам Сараванамутту жана БУУ агенттиктеринин республикадагы башка өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Министрлик социалдык жөлөкпулдардын бардык түрлөрүн дайындоодо жана төлөөдө даректүүлүктүн жетиштүү деңгээлине жеткендигин белгилейт. Бирок калктын коомдун аялуу катмары (кризистер, пандемия, согуштар, табигый катаклизмдер) үчүн тобокелчиликтерди алып келүүчү жаңы чакырыктар пайда болууда жана министрлик адаптациялык социалдык коргоо багытында иштөө ыкмаларын өзгөртүшү керек.

Кудайберген Базарбаевдин айтымында, жаңы документ калкты социалдык коргоо системасына баа берүү жүргүзүлгөндөн кийин иштелип чыгат.

"Мындай баалоо Өзбекстан менен Арменияны кошо алганда, 18 мамлекетте жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жатат. Улуттук максаттарды жана стратегияларды камтыган социалдык коргоо системасынын элементтеринин картасы түзүлөт, болгон системанын натыйжалуулугу талданат, реформалоонун альтернативдүү варианттары аныкталат. Бүгүнкү күндө аз камсыз болгон жана жардуу үй - бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалды жеңүү боюнча жигердүү аракеттерге дем берүүгө багытталган жаңы активдүү чараларды киргизүү абдан маанилүү", - деп белгиледи министр.

Талкуунун жүрүшүндө баалоо жүргүзүүнүн мөөнөттөрү аныкталып, колдонула турган инструменттер тааныштырылды.