Президент: Чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн 3 млрд сомго жакын каражат бөлүүдөбүз

Президент: Чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн 3 млрд сомго жакын каражат бөлүүдөбүз

Бишкек 25.03.22. /Кабар/. "Быйыл чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн азырынча 3 млрд сомго жакын каражат бөлүп жатабыз", - деп билдирди президент Садыр Жапаров УКМКнын Чек ара кызматына жана ӨКМге техникаларды тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өткөн жылы бул багытка бюджеттен 7,5 млрд сом бөлүнгөндүгүн эске салып, мындан сырткары, аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушун жакшыртуу жаатындагы иштер уланып жаткандыгын айтты.

"Бүгүнкү замандын чакырыктары менен коркунучтарына тийиштүү жооп кайтарууга, аймактагы тынчтыкты сактап, эл-журтубуздун коопсуздугун камсыздоого заманбап техникалардын болушу дагы өтө маанилүү фактор болуп саналат. Мына ошондуктан чек арачыларыбызды заманбап техника жана жаңы технологиялар менен камсыз кылууну улантып жатабыз. Чек араны кайтарууда зарыл болгон жаңы чек ара тозоттору, турак үйлөр, учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон техникалар, автоунаалар, алдыңарда тургандай, „Тигр“ үлгүсүндөгү тоо-таштардан, жолсуз жерлерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон авто унаалар жана башка курал-жарактар сатылып алынууда.

Бул жерден мен расмий түрдө айтып коюшум керек, тизмектелип өткөндөрдүн баарын мамлекеттик бюджеттин эсебинен, тагыраак айтканда, буга чейин адат болуп калган мурда колдонулган эски техникаларды эмес, жаны техникаларды сатып алып жатабыз", - деп баса белгиледи президент.

Садыр Жапаров буга чейин аскер техникалары жалаң гана гранттардын эсебинен жардам катары эски техникалар келип турган болсо, эми мындан ары заманбап, жаңы техникаларды өз акчабызга сатып алып турарыбызды кошумчалады.

"Мунун баары, Кыргызстан чегин көздүн карегиндей сактоого өмүрүн арнаган урматтуу жоокерлер, силердин Мекен үчүн ак кызмат кылам деген демиңерге дем болоруна толук ишенемин", - деди президент Жапаров.