КР жана РФ дипломатиялык мамилелерине 30 жыл. Красноярскта салтанаттуу иш-чара уюштурулду

КР жана РФ дипломатиялык мамилелерине 30 жыл. Красноярскта салтанаттуу иш-чара уюштурулду

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 21-мартында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Красноярск шаарындагы канцеляриясы тарабынан Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Красноярск шаарындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган.

Иш-чарага Красноярск крайынын губернаторунун администрациясынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Красноярск шаарындагы өкүлчүлүгүнүн, Красноярск крайынын Маданият министрлигинин, Красноярск шаарынын администрациясынын, Красноярск шаарындагы регионалдык «Кыргыз улуттук маданий автономиясынын» өкүлдөрү, ошондой эле кыргыз диаспорасы жана Кыргызстандан келген студенттер катышты.

Иш-чара майрамдык концерт менен аяктап, ага чыгармачылык жамааттар катышып, келген конокторго жана катышуучуларга Кыргызстанга арналган сүрөт көргөзмө тартууланды.