Эр-Риядда Кыргызстандын ата мекендик продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

Эр-Риядда Кыргызстандын ата мекендик продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

Сауд АравиянынЭр-Рияд шаарындагы Digital City аянтында Кыргызстандын ата мекендик продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаралар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты, ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Иш-чарага маданият министри Азамат Жаманкулов катышууда.

Кыргыз ата мекендик буюмдарынын көргөзмөсүнүн алкагында “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин, опера жана эстрада театрынын солисттеринин концерттик программасы болот. Мындан тышкары, көргөзмөгө элдик-прикладдык искусство менен алектенген кол өнөрчүлөр жана кийизден буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Ошондой эле Кыргызстандын туроператорлору өзүнчө көргөзмөгө тартуулап, Сауд Аравия Королдугунан туристтерди тартуу үчүн Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлөт.

Туристтик жарманке-көргөзмө жана бизнес-форум өткөрүү кыргыз элинин маданияты, каада-салты, тарыхы жана жашоосу, туризсттик потенциалы менен таанышууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлүп, эки өлкөнүн ортосундагы жигердүү кызматташтыкты жолго коюу менен бирге ар кандай экономикалык, социалдык жана маданий тармактардын алакасы бекемделет.