...

Бишкекте Кыргызстан менен Венгриянын илим жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Башка жаңылыктар Башка жаңылыктар 8 Fevral 2022 08:45
Кыргызстан Kabar Nursuluu
Бишкекте Кыргызстан менен Венгриянын илим жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

КР билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда Кыргызстан менен Венгриянын илим жаатындагы кызматташтыгы, ошондой эле эки өлкөдөгү жаш изилдөөчүлөрдүн такшалтмалары талкууланды.

Иш-чарага министрликтин илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева, эл аралык кызматташтык жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын башчысы Айзада Апышевалар да катышты.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү